Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаков. Архив
Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар Исаковдун министрлер кабинетинин мүчөлөрү кайда жана эмне менен алек экенин бул макаладан окуңуздар.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Туура бир жыл мурун, 2018-жылдын 19-апрелинде, Кыргызстандын парламенти премьер-министр Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөй, аны жана ал жетектеген өкмөттүн курамын отставкага кетирген. Эртеси күнү эле Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган жаңы министрлер кабинети түзүлгөн.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы Исаков жетектеген өкмөт курамынын мүчөлөрү, кыска убакыт болсо да аны менен бир "кемеде" болгондор азыр эмне менен алектенерин эске салууну чечти. Сапар Исаков 2017-жылдын августунда премьер болуп, бул кызматты болгону сегиз ай гана ээлеген.

Тизмедегилердин айрымдары отставкага чейин эле кызматтан кол жууган, кээси аны менен бирге, бир нечеси Абылгазиевдин өкмөтүнө кирип, көпкө иштешпеди. Азыркыга дейре министрлер кабинетинин курамында жүргөндөр да жок эместигин да белгилей кетели.

Сапар Исаков

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурдагы премьер-министр Сапар Исаков
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков

Бир жыл ичинде мурдагы премьер-министрдин тагдыры чоң өзгөрүүгө дуушар болду, былтыр жайдан бери ал тергөө абагында. Ушул тапта Исаков мурдагы бир топ аткаминерлер менен бирге ТЭЦти заманбапташтыруу иши боюнча соттолуучулардын катарында. Ага "жылуулук борборун заманга ылайык оңдоо ишин колго алган кытайлык TBEA компаниясынын кызыкчылыгын коргогон" деген айып тагылган. Ал Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу менен бириктирилген иш боюнча да айыпталууда.

Толкунбек Абдыгулов

© Фото / Пресс-служба НБКРКР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов

Исаковдун министрлер кабинетиндеги биринчи вице-премьер, бирок 2017-жылдын ноябрында ал кызматынан төмөндөтүлүп, вице-премьерлик кызматты аркалап калган. 2017-жылдын декабрында кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына кайткан. Азыркыга дейре ушул кызматта.

Аскарбек Шадиев

© Фото / пресс-служба политпартии СДПКМурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев

Абдыгуловдон кийин биринчи вице-премьерликке келген. Ал Конституциянын жаңы редакциясы боюнча кызматка дайындалгандан кийин да депутаттык мандатын сактап калган алгачкы парламентарий. Былтыр апрель айында ал ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысы Арсен Закиров тарабынан кымырылган 2 миллион сом боюнча кылмыш ишинен улам отставкага кеткен. Ал каражат Шадиевдин колу коюлган каттын негизинде бөлүнгөн. Учурда өлкөдөн тыш качып жүрөт. Шадиевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу боюнча айып тагылган.

Мурдагы аткаминер 10 жылга сыртынан соттолуп, 2 млрд сомго бааланган мүлкү конфискацияланган. УКМКнын маалыматына таянсак, ал Кыргызстандын чек арасынан сууну кечип өтүп, Нью-Йоркко учуп кеткен.

Дүйшөнбек Зилалиев

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев

Вице-премьерлик кызматка келгенче Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеген. 2017-жылдын августунан ноябрына дейре вице-премьер, кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагалыгына дайындалган. Бирок 2017-жылдын 24-ноябрында, Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи өтүп жаткан күнү, ИИМ Академиясынын курсант кызынын айтымында, Зилалиев өкмөттүк трассанын боюна бомба коюлган деп кабарлаган имиш. Ал жаңжалдан соң Зилалиев ММБК төрагалыгынан кол жууп, сот аны үч жылга шарттуу кескен.

Былтыр 8-декабрда ал кармалып, камакка алынган. Анын декларацияланбаган 890 миң долларын, батир жана жер тилкелерин табышкан. УКМК Зилалиев туугандарынын бирине жалпы наркы 53 миллион сомдук эки кеңсени, ал эми дагы бир жакынына бир катар кендерди казууга уруксаттаманы каттаткан. Азыр ал тергөө абагында кармалууда.

Чолпон Султанбекова

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы вице-премьер Чолпон Султанбекова
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы вице-премьер Чолпон Султанбекова

Социалдык блок боюнча вице-премьер Чолпон Султанбекова Сапар Исаков менен биргеликте кызматтан кеткен. Былтыр октябрда анын талапкерлиги Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталары туурасында кеп жүргөн, бирок өзү ал сөздөрдү төгүндөгөн. Ошол эле айда ал Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) Белбоо күрөш дүйнөлүк комитетинин президенттигине дайындалган. Бул комитет алыш күрөшү боюнча да иш алпарат.

Санжар Муканбетов

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаФинансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагалыгын аркалаган, 2017-жылдын декабрында вице-премьер болгон. Парламентте өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылганда ал кайрадан мурдагы ордуна кайтып, жогоруда аталган кызматтын төрагасы болуп калган. Аны бул орунга азыркы өкмөт башчы Абылгазиев дайындаган.

Дайыр Кенекеев

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев"Учкун" ААК директору Дайыр Кенекеев
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
"Учкун" ААК директору Дайыр Кенекеев

Кенекеев 2017-жылдын октябрында, маркум Темир Жумакадыров кайтыш болгондон кийин, анын ордуна вице-премьерликке дайындалган. Кызматтан Исаков менен биргеликте кол жууган. Былтыр ноябрдан тарта "Учкун" ААКын жетектейт.

Нурханбек Момуналиев

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев

Министрлик рангындагы кызматты ээлеп, өкмөт аппаратын башкарган. Бирок былтыр мартта, өкмөттүн курамы толук отставкага кетерден бир жарым айча мурун кызматынан бошогон. Себеби эл аралык документтерди даярдоодо өкмөт аппаратынын кетирген кемчиликтери үчүн деп айтылган. Учурда жумушсуз.

Мурат Мукамбетов

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт аппаратынын мурдагы жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов

Былтыр апрелде, өкмөттүн отставкасын утурлай, Момуналиевдин ордуна, өкмөт аппаратынын жетекчилигине келген. Кызматын жаңы куралган өкмөттө да сактап калып, 2018-жылдын августуна чейин иштеген. Кийин кызматынан төмөндөтүлүп, аппарат жетекчисинин орун басары болуп калган.

Эрлан Абдылдаев

© Sputnik / Болат Шайхинов / Медиабанкка өтүүМурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев

2012-жылдан бери тышкы иштер министри болуп келген, кийин Абылгазиевдин өкмөтүндө да кызматында калган. Бирок өткөн жылдын октябрында ошол кездеги Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султановдун демаршынан кийин отставкага кеткен. Мурдагы элчи ТИМдеги мыйзам бузуулар боюнча жарыялаган. Премьер-министр боолгологондой, моралдык-этикалык аспект анын бул кадамга барышына себеп болушу мүмкүн. Ушул тапта эч кандай мамлекеттик кызматты ээлебейт.

Улан Исраилов

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы ички иштер министри Улан Исраилов
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы ички иштер министри Улан Исраилов

Мурдагы ички иштер министри. Абылгазиевдин министрлер кабинетине кирбей калган. Азыркы чакта эч кандай мамлекеттик кызматта эмес.

Уран Ахметов

© Фото / предоставлено Министерством юстиции КРМурдагы юстиция министри Уран Ахметов
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы юстиция министри Уран Ахметов

Өткөн жылдын апрелинин башында Юстиция министрлигинен кеткен. Ушул тапта "Жайылтпоо көйгөйлөрү жана экспорттук көзөмөл борбору" коомдук фондусунун укуктук маселелери боюнча улук кеңешчи, бул милдетти ошондой эле бир катар эл аралык долбоорлордо да аткарат.

Айнур Абдылдаева

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурдагы юстиция министри Айнур Абдылдаева
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы юстиция министри Айнур Абдылдаева

Ахметовдон кийин Юстиция министрлигин жетектеген. Абылгазиевдин өкмөтүндө да бул кызматында калган. Бирок 2018-жылдын августунда ишинен бошотулган.

Артем Новиков

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы экономика министри Артем Новиков
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы экономика министри Артем Новиков

Ошол туштагы экономика министри жана Исаковдун тобунун эң кенже мүчөсү да Абылгазиевдин өкмөтүнө кирген эмес. Жакында ал Кыргыз-Россия өкмөттөрү аралык комиссиясынын жыйынында көзгө урунду. Мурда өзү жетектеген мекемеге, Экономика министрлигине көмөктөшкөн.

Жамшитбек Калилов

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурдагы транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов

Жээнбеков менен Исаковдун министрлер кабинетинде Транспорт жана жол министри болгон, Абылгазиевдин өкмөтүндө да ушул эле кызматында калган. Өткөн жылдын аягында ал президенттин сынынан соң отставкага кеткен. Андан бир аз мурун орун басары пара менен кармалган. Калилов мындай окуядан соң кызматын аркалоого моралдык укугу жок экендигин билдирген. Кийин мурдагы орун басарынын камакка алынышы боюнча суракка чакырылган. Ушул убакта айыл чарба, тагыраагы, жемиш бакчасы менен алек.

Кубатбек Боронов

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов

2011-жылдан бери өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген, кийин Исаковдун тушунда да ушул кызматты ээлеген. Абылгазиевдин өкмөтүндө ал кызматынан көтөрүлүп, биринчи вице-премьерликке бекиген.

Гүлмира Кудайбердиева

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБилим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

Жээнбековдун да, Исаковдун да өкмөтүндө, кийин Абылгазиевдин министрлер кабинетинде да Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген. Учурда да аталган министрликтин башында.

Талантбек Батыралиев

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев

2014-жылдан бери саламаттык сактоо министри болгон, кийин Исаковдун убагында да ушул кызматты ээлеген. Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамына кирген жок. Азыр Батыралиев өз адистиги боюнча кардиолог болуп иштөөдө. Ошондой эле саламаттык сактоого инвестиция тартуу боюнча кеңешчилик вазыйпасын аткарат.

Түгөлбай Казаков

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков

Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри 2017-жылдын октябрында мумиянын көмүлүшүнөн улам чыккан ызы-чуудан кийин кызматтан алынган. Бирок анын отставкасын расмий түрдө бул ишке байланыштырышпайт. Азыр ал эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштебейт, даректүү тасмаларга сценарий, эскерүүлөрү боюнча төртүнчү китебин жазууда.

Султан Жумагулов

© Sputnik / Расул УсеналиевМурдагы маданият, маалымат жана туризм министри, маркум Султан Жумагулов
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри, маркум Султан Жумагулов

Казаковдон кийин келген. Жаңы өкмөттө да маданият, маалымат жана туризм министри бойдон калган. Былтыр октябрда узакка созулган жаман кеселдин айынан 59 жашында каза болгон.

Таалайгүл Исакунова

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова

Абылгазиевдин өкмөтүндө да Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп калган. Бирок орун басарларына байланышкан жана эл өкүлдөрүнүн негизсиз иш сапарлары боюнча айыптоолорунан соң отставкага кеткен.

Нурбек Мурашев

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев

Жээнбеков менен Исаковдун өкмөтүндө айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин аркалаган. Кийин да Абылгазиевдин өкмөтүндө кызматында калган. Картошканы сатуу көйгөйлөрү, ага байланышкан ызы-чуулар жана отставкага кетишин талап кылууларга карабастан азыркы тапта да Айыл чарба министрлигин башкарат.

Адылбек Касымалиев

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев

2015-жылдан тарта Каржы министрлигин жетектеп, кийин Исаковдун тушунда да бул ишин уланткан. Абылгазиевдин убагында да ушул кызматта калып, былтыр 6-декабрда отставкага кеткен. Ушул чакта жумушсуз, эс алып, ден соолугун чыңдап жүрөт.

Улан Рыскулов

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Улан Рыскулов
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Улан Рыскулов

Исаковдун өкмөтүндө Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагалыгын аркалаган. Ушул эле кызматта ал Абылгазиевдин маалында да калган. Бирок өткөн жылдын сентябрында кызматтан кеткен. Учурда юридикалык багытта кеңешчи.

Нурбек Абасканов

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМаалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Нурбек Абасканов
Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда - Sputnik Кыргызстан
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Нурбек Абасканов

Исаковдун тушунда Абасканов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин жетектеген. Өкмөттүн маалыматына таянсак, мамлекеттик комитеттин курамына кирген, алар тарабынан түптөлгөн ишканага Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиясы берилген. Ушуга байланыштуу былтыр март айында жумуштан бошотулган. Байланыш тармагындагы өз долбоорлору менен алек. Ошондой эле былтыркы жылдын аягы, ушул жылдын башында Азия өнүктүрүү банкынын энергетика тармагындагы долбоорлорунун бирине кеңешчи болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0