21:17 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов (ортодо). Архивдик сурөт

Каттоо кызматынын башчылыгына Балыкчынын чуулуу мэри келди

© Фото / пресс-служба мэрии города Балыкчи
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
313 0 0

Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Алина Шаикова өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан кетирилген.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси болуп Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов дайындалды.

Белгилей кетсек, Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Алина Шаикова өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан кетирилген.

Эске салсак, Алмаз Мамбетов 2018-жылы август айынын ортосунда Facebook баракчасы аркылуу айрым жарандардын сын-пикирине орой сөздөр менен жооп берип, бул жоругу социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан. Кийинчерээк Балыкчы шаарынын мэриясы Facebook баракчасы аркылуу Мамбетовдун социалдык баракчасын ниети каралар бузуп кирип, орунсуз сөздөрдү жазды деп актанууга аракет кылган.

Тема боюнча

Мамкаттоонун башчысы Шаикова иштен алынды
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна жаңы аким дайындалды
Белгилер:
буйрук, дайындоо, Мамлекеттик каттоо кызматы, Алмаз Мамбетов

ЭҢ МААНИЛҮҮ