Экотехинспекциянын башчысы парламентке келбей коюп, депутаттардын каарына калды

© Фото / пресс-служба правительства КРЭкологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган инспекциянын директору мыйзам долбоору боюнча парламентте баяндама жасашы керек болчу.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына келбей коюп, эл өкүлдөрүнүн каарына калды.

Жунушев "Ишкердик субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору тууралуу баяндама жасамак, бирок ал жыйынга келген жок. Аталган долбоор биринчи окууда каралмак.

Жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Мирлан Бакиров баяндамачы кайда экенин сурап, ага сөгүш берүү керектигин айтты.

"Баяндамачы кайда? Ал эмне Жогорку Кеңешке эркелеп жатабы? Аппарат? Өкмөттүн өкүлү? Өкмөт башчыга айтыңыз, сөгүш берсин", — деди ал.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору күн тартибинен алынып, 61 депутат "макул" деп добуш берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0