Сооронбай Жээнбеков дүйшөмбү күнү Германияга кетет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит Президента Сооронбая Жээнбекова в Туркменистан
Государственный визит Президента Сооронбая Жээнбекова в Туркменистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Германияга расмий сапары менен барат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 15-16-апрелде Германияга боло турчу расмий сапарынын алкагында Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Ангела Меркель менен жолугат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Андан сырткары, Бундестагдын президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуусу божомолдонууда.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун айтымында, бизнес-форум өткөрүү жана Жээнбековдун Х.Зайдель атындагы фонддо сөз сүйлөөсү пландалууда.

"Президент Сооронбай Жээнбековдун алдыдагы визити үчүн жакшы саясий негиз түзүлдү. Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык өлкө катары Германиянын канцлери Ангела Меркелдин да, президент Франк-Вальтер Штайнмайердин да урматтоосуна жана колдоосуна ээ болгон", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле Меркелдин 2016-жылдагы Кыргызстанга визитинин натыйжасында эки тараптуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө жылыштар болгонун айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков олимпиада жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболчу жана машыктыруучу Талант Дүйшөбаев менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков белгилүү гандболчу Талант Дүйшөбаевге "Манас" орденин тапшырды
Сыдыков, андан сырткары, Ишкерлер биримдиги менен бирге Мюнхенде бизнес-форум болорун билдирди. Аны менен катар Германия улуттук кооперативдер ассоциациясы менен КР кооперативдер биримдигинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу алдын ала макулдашылганын маалымдады.

Ошондой эле Кыргызстанга заманбап фитосанитардык лаборатория куруу жана кыргызстандык адистердин Бавария фитосанитардык лабораториясындагы стажировкасы тууралуу маселе да иштелип жатат. Эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы изилдөөлөр чөйрөсүндөгү жана айыл чарба, гидроэнергетика багытындагы адистерди даярдоо жөнүндө меморандумга кол коюу пландалууда.

Андан тышкары, мамлекет башчысынын Германиядагы мекендештерибиз менен жолугушуусу божомолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0