Сот эски аянтта Бабановду колдоо митингин өткөрүүгө тыюу салды

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOКандидат в президенты Омурбек Бабанов
Кандидат в президенты Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингди 13-апрелде борбор калаанын эски аянтында өткөрүү пландалган болчу.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту саясатчы Өмүрбек Бабановду колдоо митингин эски аянтта өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу "Республика" партиясынын катчылыгынан билдиришти.

Буга чейин аталган партия 13-апрелде Бишкектин эски аянтында 10 миң адамдын катышуусунда саат 14.00дөн 20.00гө чейин митинг өткөрүү үчүн мэрияга кат жолдогон. Андан соң Биринчи Май райондук акимиаты митинг өткөрө турган жерди чектөөнү суранып сотко кайрылган.

"Биринчи Май райондук соту эски аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салды. Учурда башка жакты караштырып жатабыз. Баары бир митинг өтөт", — деп билдиришти катчылыктан.

Мыйзам боюнча кандайдыр бир акция уюштуруу үчүн жергиликтүү бийликти алдын ала кабардар кылуу керек. Буга чейин Өмүрбек Бабанов Москвадан 13-апрелде саат 14.50дө учуп келерин жар салган.

ЖКнын мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе эмне болорун УКМК айтты
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

УКМКнын маалыматы боюнча Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Нооруз күнү Бабанов кыргыз элине куттуктоо жолдоп, сөзүнүн соңунда "жакында көрүшкөнчө" деп жазган. Ал эми УКМК саясатчы келсе "мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын" эске салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0