Чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн Искандаров иштен эмнеге айдалганы айтылды

© Sputnik / Таалай ОроскуловӨкмөттүн чек араны делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Курбанбай Искандаров. Архив
Өкмөттүн чек араны делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Курбанбай Искандаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Искандаров жасаган туура эмес ишин моюнга алганын билдирди.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өкмөттүн чек араны делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Курбанбай Искандаров эмне үчүн иштен алынганын сурады.

Белгилей кетсек, учурда өкмөт Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга жасаган иштери боюнча отчет берип жатат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев реформага бут тоскон канча жетекчини иштен алганын айтты
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Искандаров мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганы үчүн иштен алынганын айтты. Премьер өз сөзүндө Искандаров жасаган күнөөсүн моюнга алганын билдирди. Бирок кандай жаңылыштык кетиргени так айтылган жок. Буга чейин чек ара меселеси жабык эшик артында каралган болчу.

Тиллаев өз кезегинде анда эмне үчүн вице-премьер Жеңиш Разаков иштен алынбай жатканына кызыкты.

Абылгазиев Разаковдун күнөөсү бар же жок экенин билбей турганын жана аны менен "күнөөсү жок" деп чогуу иштеп жатканын билдирди. Эгер айыбы тастыкталса, бул кишиге да чара көрүлөрүн кошумчалады.

Ошондой эле учурда Искандаровдун ордуна эки киши каралып жатканын, алар боюнча чечим кийинки жумада чыгарын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0