Абылгазиев реформага бут тоскон канча жетекчини иштен алганын айтты

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловӨкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы көпчүлүк коалицияга отчет берди.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте жасаган иши боюнча көпчүлүк коалицияга отчет берди.

Ал реформага бут тоскон айрым жетекчилер кызматтан алынганын белгиледи.

"Жыл ичинде ар кыл тармактагы жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылдык. 6 министр, ар кандай кызматтагы 13 жетекчи, 13 аким кызматынан бошотулду. Мындан сырткары, коррупцияга каршы масштабдуу күрөш мамлекеттик башкаруунун бардык алсыз жактарын ачыктады. Реформаларды жактоочулар менен ага бут тоскондор аныкталды", — деди Абылгазиев.

Государственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: түрдүү саясий топтор элдин көңүлүн башка жакка бурууга аракет кылып жатат
Премьер ошондой эле учурда элдин өкмөткө болгон ишенимин кайтаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, былтыр өкмөт үчүн олуттуу сыноолордун жылы болгонун айтып, аларды сындаган жана мактаган бир топ пикирлер айтылганын эске салды.

"Ар бир сынды өзүбүздүн ишибизди өркүндөтүүгө стимул катары кабыл алдык", — деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, премьер жасалган иштер боюнча баяндама жасады. Парламентке өкмөттүн бардык мүчөлөрү келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0