Президент парламенттик шайлоо кандай шартта өтөрүн билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к парламентским выборам в Бишкеке.
Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков учурда Кыргызстанда саясий маданияттуулук жетишпей жатканына токтолду.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, кийинки жылы боло турчу парламенттик шайлоодо бардык партиялар оюн эрежелерин алдын ала билип, тең атаандаштыктын шартында шайлоого катышаарын билдирди.

Мындан сырткары, мамлекет башчы зарыл болгон мыйзамдар алдын ала кабыл алына турганын белгиледи.

"Шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей укуктар камсыз кылынат. Шайлоо эрежелери бир жыл мурда белгилүү болуп, андан кийин өзгөрбөйт. Зарыл болгон мыйзамдар алдын ала кабыл алынып, жалпыга маалым болот", — деди ал.

Жээнбеков ошондой эле партиялык системаны өнүктүрүп, алардын арасында чыныгы саясий атаандаштыкты орнотмоюн парламенттик демократияны өнүктүрүү мүмкүн эместигин белгиледи.

XI съезд судей Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: бир ууч топко кызмат кылам деп убада берген эмесмин
"Бизде азырынча программа, идеялардын эмес, лидерликке умтулган саясатчылардын таймашы басымдуулук кылууда. Коомубузда жаңы саясий маданиятты калыптандыруу зарылдыгы бышып жетилди", — деди ал.

Мамлекет башчы жалпы кыргызстандыктарды ошол маданиятты чогуу калыптандырууга чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтүп, депутаттар беш жылга шайланат. Акыркы парламенттик шайлоо 2015-жылы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0