Жээнбеков: бир ууч топко кызмат кылам деп убада берген эмесмин

Жазылуу
Ал мамлекеттеги стабилдүүлүк, коомдогу тынчтык туурасында да сөз козгоду.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп эмес, элдик президент болом деп убада бергем.

Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында сүйлөп жатып айтты.

Эске салсак, бүгүн Жээнбеков Жогорку Кеңешке келип, кайрылуу жасады. Ал мыйзамдуулуктун сакталышы жана коррупция менен күрөшүү, өлкөдөгү саясий абал тууралуу айтып жатып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Мамлекеттик органдар тигил же бул топтун кысымынын негизинде эмес, мыйзамдын чегинде иштейт. Бир күнүмдү да текке кетирбей, элим ишенген, кудай буюрган президенттик милдетимди мамлекетти оңдоого, баса белгилеп айтам, оңдоого жумшайм. Мындан башка менин милдетим дагы, карызым дагы, жашоомдун маңызы да жок. Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин. Мен элдик президент болом деп убада бергем", — деди Жээнбеков.

Ал мамлекеттеги стабилдүүлүк, коомдогу тынчтык туурасында да сөз козгоду.

"Апрель окуялары, июнь коогалаңдуу күндөрүн өз башымдан өткөрдүм. Мамлекеттеги тынчтыктын, элдин ынтымагынын баасын, баркын жакшы билем. Ошондуктан, коомдун тынчтыгын бузуп, элди бөлүп-жарам дегендерге өлкө президенти катары жол бербейм", — деди Жээнбеков.

Президент, мындан сырткары, Жогорку Кеңеште түрдүү саясий топтор элдин көңүлүн башка жакка бурууга аракет кылып жатат деген пикирин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0