Президент коңшулар менен болгон көйгөйлөрдүн чечилишинен кеп кылды

Жазылуу
Жээнбеков жакында эле тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктаган концепция кабыл алынганын билдирди.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, быйыл Кыргызстанга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапары менен, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди расмий сапары менен келерин айтты.

Жээнбеков, андан сырткары, алыскы жана жакынкы коңшулар менен буга чейин болуп келген көйгөйлөр ырааты менен чечилип жатканына токтолду.

"Жакынкы коңшуларыбыз Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен кызматташтыгыбыз, мамилебиз жаңы деңгээлге чыкты. Түркия менен кызматташууда буга чейин топтолуп калган маселелерди эки тарап ачык талкуулап, түшүнүшүү менен чечүүдөбүз", — деди ал.

Президент өз сөзүндө жакында эле тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктаган концепция кабыл алынганын кошумчалады.

Президенттин парламентте сүйлөгөн кебин Sputnik агенттигинин видеосунан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0