Энергетика жана тоо-кен тармагын башкаргандар премьердин каарына калды

Жазылуу
Өкмөт башчы аталган эки мекеменин жетекчилери сегиз айдан бери үн чыгарбай отурганына нааразы болду.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов менен "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын башкаруучулугунун төрагасы Азамат Абдыкадыров өкмөттүн жыйынында премьер Мухаммедкалый Абылгазиевден тил укту.

Аталган жыйында 2018/2019-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, ошондой эле өлкө калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу чаралары каралды.

Абылгазиев өз сөзүндө Осмонбетов менен Абдыкадыров ушул тармакты жакшы билген адис катары кызматка дайындалганын билдирип, бирок бул жааттагы иштерди жакшыртуу, коррупциялык иштерди жоюу боюнча конкреттүү сунуштарды бербегенине нааразы болду.

"Бирөөңөрдү тоо-кен тармагында адис, экинчиңерди энерготармагында өстү дедик эле, бирок силердин үнүңөр чыга элек. Ошонун айынан энергетикада эмне болобуз деген маселеде өкмөттүн үнү чыкпай жатат. Экөөңөрдү ушул тармакта иштеп, билими, тажрыйбасы жетиштүү дегенбиз, силер болсо өткөн жылдагыдай эле отчет берип жатасыңар. Стратегиябыз жок. Экономиканын локомотиви дал ушул эки тармак дейбиз. Экөөңөрдүн келгениңерге сегиз ай болду, бирок энергетика менен тоо-кен тармагы кайсы жакка өнүгөрү боюнча үнүңөр да чыкпайт", — деди ал.

Абылгазив азыр өкмөттүн отчетунда артка тарткан тармак болуп энергетика көрүнүп жатканын айтты.

Андан сырткары, өкмөт башчы эсептегичтерди коюу боюнча механизмдер азыркыга чейин жок экенин, аны Кыргызстанда чыгарууга жолтоо болгондор бар экенин кошумчалады.

Алтын кен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лицензияны жергиликтүү ишкерлерге бербегендерди да жоопко тартуу сунушталды
Аны менен катар электр энергиясын калкка жеткирүүдөгү жоготуу айрым облустарда 20-25 пайызды түзөрүн белгилеп, бул жаатта иш алып барган мекемелердин берген маалыматтары бири-бири менен дал келбей жатканына токтолду.

"Электр станциядан чыккан электр кубаты керектөөчүгө канча болуп келип жатканын айтпай жатпайсыңарбы. Электр станция өзүнчө маалымат берет, Улуттук энергетика тармагы өзүнчө маалымат берет. Ортомчу компанияларды киргизип коюп отурбайсыңарбы. Ошону чыгарбай жатасыңар, ортодон компаниялар акча таап жатат. Алар мамлекеттик компаниядан, энергетикадан эмес, башка жерден акча тапсын да", — деди Абылгазиев.

Премьер дал ушул эки тармактын жетекчилери жасала турчу аракеттер, реформалар тууралуу айтса, ошондо гана өкмөт бул жаатта кандай өзгөрүүлөр болорун башкаларга айтарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0