Атайын операция учурунда Алмазбек Атамбаев кармалдыбы? УКМКнын жообу

© Фото / пресс-служба СДПККыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактын колдонуучулары саясатчы Таш-Мойнок айылынан кармалганын жазышууда.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс-президент Алмазбек Атамбаев кармалды деген маалымат жалган экенин билдирди.

УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн Чүй облусуна караштуу Таш-Мойнок айылында атайын операция жасалды деген социалдык тармактардагы жаңылыктар чындыкка дал келбейт.

"Бул маалымат коомчулукту адаштыруу үчүн таратылган. Учурда Мамлекеттик комитет кабарды жайылткандарды аныктоо үчүн аракеттерди көрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

УКМК жалган маалымат тараткандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0