Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жабык эшик артында карайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Жогорку Кенеша в Бишкеке
Здание Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай сунушту депутаттардын дээрлик бардыгы колдоого алды.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жабык эшик артында кароону сунуштады.

Последнее заседание Жогорку Кенеш V созыва - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чыры: депутаттар өкмөттүн отставкасын талап кылууда
Аны депутаттар Исхак Пирматов, Рада Туманбаева жана башка депутаттар колдоого алып, добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйын жабык эшик артында өтмөй болду.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, талкуу учурунда эки мамлекеттин алакасына залакасын тийгизип калуучу сөздөр айтылып, маселелер да көтөрүлүп калышы ыктымал.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттүн мүчөлөрү да аталган маселени жабык эшик артында кароого макул экенин айтты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя

Эске салсак, Баткен районундагы Ак-Сай менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынан жашоочуларынын арасындагы чатак 13-мартта чыккан.  Эртеси, 14-мартта, эки тарап бири-бирине таш атып, чыңалуу күч алган. Каршылашуунун себеби Кыргызстан тараптан Ак-Сай — Тамдык айланма жолунун курулушу болгондугу айтылган. Вице-премьер Жеңиш Разаков эки тараптуу жолугушууда бир кыйла макулдашууларга жетишилгенин айткан болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0