Сыдыков: Россия менен болгон мамиле жаңы деңгээлге чыкты

© Фото / пресс-служба МИД КРКР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков. Архив
КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенттик аппараты Владимир Путиндин КРге болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгын чыгарды.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Владимир Путиндин мамлекеттик иш сапарынан кийин Кыргызстан менен Россиянын мамилеси жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйында билдирди.

28-мартта Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кеткен.

"Тарыхый окуяга күбө болдук. Биздин эки тараптуу мамиле, кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты. Бул өз кезегинде экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түздү", — деди Сыдыков.

Автомобильный завод КАМАЗ - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда КамАЗ чогултула башташы мүмкүн
Ал ошондой эле эки мамлекеттин президенттери соода-экономикалык, аскерий-техникалык кызматташуу жана коргоонуу ишканаларынын кооперативи, транспорт инфраструктурасын жакшыртуу жаатындагы маселелерди талкуулаганын кошумчалады. Сыдыков 2020-жылы Кыргызстан менен Россия өз аймагында өнөктөшүнүн жылын жарыялай турганын маанилүү жетишкендиктердин бири катары сыпаттады.

Ал эми президенттин аппаратынын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана финансы боюнча бөлүм башчысы Данияр Иманалиев Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алдында Бишкекте кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференция жана эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өткөнүн белгиледи.

"Конференциянын жыйынтыгы биз күткөндөн да жакшы болду. Жалпысынан 6 миллиарддан ашык долларлык 53 документке кол коюлду. Сүйлөшүүлөрдүн келечеги абдан кең. Баарынан мурда келишимдер экономикалык жактан таасир берет", — деди Иманалиев.

Буга чейин Экономика министрлиги Путиндин мамлекеттик сапарында кандай документтерге кол коюлганын жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0