Путин быйыл Бишкекке дагы эки ирет келерин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маалында эки өлкөнүн бир топ жагдайлар боюнча позициясы бир экенине дагы бир ирет ынанганын кошумчалады.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин брифинг учурунда ушул жылы дагы эки ирет, июль жана ноябрь айларында, Бишкекке келип кетерин билдирди.

Ал Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маалында эки өлкөнүн бир топ жагдайлар боюнча позициясы бир экенине дагы бир ирет ынанганын кошумчалады.

"Кыргызстан ШКУ жана ЖККУда төрагалык кылып жатат. Андыктан, быйыл Бишкекке дагы эки ирет кубануу менен келип кетем", — деди Путин.

Ал алдыдагы саммиттерде өнөктөштөр менен маанилүү маселелер талкуулана турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0