Россия "Кант" аба базасынын жер акысына 291 миң доллардан ашык акча төлөмөкчү

© Фото / пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант"Празднование дня Военно-воздушных сил России на авиабазе ОДКБ "Кант"
Празднование дня Военно-воздушных сил России на авиабазе ОДКБ Кант - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакын арада протокол президент Владимир Путиндин кол коюусуна берилет.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия "Кант" аба базасынын жер акысына төлөнүүчү акчанын суммасын 291 миң долларга көтөрүүнү макулдашты.

Бул туурасында 2012-жылы түзүлгөн келишимге өзгөртүү киргизүү боюнча протоколдун долбоорунда айтылган. Документ Россиянын укуктук порталына жарыяланды.

Жакын арада ал протоколду президент Владимир Путиндин кол коюусуна берүү пландалууда.

Церемония встречи президента РФ Владимира Путина в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Салам, аскер! Путин Ардак кароол менен кыргызча учурашты. Видео
Документте Россия жыл сайын аба базанын жер тилкеси жана анын айланасы үчүн төлөгөн акы 4,5 миллион доллардын ордуна 4,79 миллион долларды түзөрү айтылган.

Кыргызстан президентинин аппаратынан макулдашууга киргизилген өзгөрүүлөр Путиндин Бишкекте боло турган мамлекеттик сапарынын учурунда талкууланарын билдиришти. Алар кайсы өзгөрүүлөр туурасында сөз болуп жаткандыгын так айтышкан жок.

"Кант" аба базасы Кыргызстанда 2003-жылы октябрь айында Жамааттык коопсуздук келишими боюнча уюмдун (ЖККУ) Тез арада аракетке келүүчү жамааттык күчтөрүнүн компоненти катары ачылган.

Максат — ЖККУнун жерде жасалган операцияларын абадан коргоо болуп эсептелет. Ал Су-25СМ учактары жана Ми-8МТВ тик учактары менен жабдылган. База Россиянын борбордук аскер округунун курамына кирет.

Эске салсак, Путин учурда Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Sputnik Кыргызстан тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0