Өмүрбек Бабанов: күнөөм жок, Кыргызстанга кайтам

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив
ЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бабановдун өкүлдөрү менен адвокаты Бишкекте маалымат жыйын курду.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Өмүрбек Бабанов эл менен мамлекет алдында күнөөсү жок экенин жана Кыргызстанга жакынкы аралыкта баары бир кайтарын билдирди. Бул тууралуу саясатчынын өкүлү Ислам Каргабаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал учурда чет өлкөдө жүргөн Бабанов менен сүйлөшкөнүн айтты.

"Мен аны менен сүйлөштүм. Ал өзүнүн милдеттерин мамлекет жана эл алдында аткарганын, ошондой эле өлкөгө кайтарын айтты. Биз анын чечимин колдойбуз. Кылмыш иши президент Алмазбек Атамбаев, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жана башкы прокурор Индира Жолдубаеванын мезгилинде саясий көз караштардын негизинде козголгон", — деди ал.

Ал эми Бабановдун адвокаты Амантур Абдрахманов жүргүзүлгөн экспертизалар саясатчынын күнөөсү жоктугун далилдегенин белгиледи.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине биринчи экспертизанын жыйынтыгын төгүндөгөн төрт экспертизанын жыйынтыгын бергенбиз. Бирок тергөө аны эске алуудан баш тартты. УКМК менен биз тараптан жүргүзүлгөн экспертизанын ортосунда карама-каршылык байкалгандыктан, кошумча экспертиза жүргүзүүнү дагы сунуштаганбыз", — деди адвокат.

Амантуров УКМКга Бабановго карата козголгон кылмыш ишти кыскартуу боюнча өтүнүчүн дагы жибергенин кошумчалады.

Экс-президент жана премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана экс-премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишкерлер, студенттер... Экс-премьерлердин балдары эмне менен алек. 2-бөлүм
УКМКнын маалымдашынча, Бабановго карата эки кылмыш иши козголгон. Алардын биринде Ош шаарынын Амир-Тимур кичирайонунда айткан чагымчыл сөздөрү боюнча, экинчисинде бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштурууга айыпталган болчу.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 2018-жылы сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө процесси токтотулганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0