Кыргызстан АКШнын докладына нааразы болуп, элчиси ТИМге чакыртылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык дипломат Мамлекеттик департамент доклад даярдап жатканда бейөкмөт уюмдардын маалыматына таянарын, бирок алар дайым эле республикадагы чыныгы абалды туура чагылдыра бербей турганын айтты.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. 26-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде АКШ элчиси менен жолугушуу болду. Бул тууралуу тышкы саясат боюнча ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Тараптар АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнө жүзү боюнча адам укуктары тууралуу жакында жарыялаган докладын кеп кылышты.

Докладда 2018-жылга карата Кыргызстанда мурдагы жылдарга салыштырмалуу жагымдуу өзгөрүүлөр болгону дагы айтылат.

Кыргыз тарап докладда көрсөтүлгөн көпчүлүк учурлар ар кандай бейөкмөт жана коомдук уюмдардын маалыматтарына таянуу менен гана жазылганын айтты.

"Өзгөчө мурда жогорку кызматтарды ээлеген айрым аткаминерлердин кармалышы саясий куугунтук катары сыпатталганы туура эмес. Алардын ар бирине коррупция боюнча кылмыш иштери козголгон жана соттук иштер аягына чыга элек. Бул факт коомчулук тараптан сот системасына, тагыраагы, ички иштерге кийгилишүү катары кабыл алынууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Америкалык дипломат Мамлекеттик департамент доклад даярдоодо бейөкмөт уюмдардын маалыматына таянарын, бирок алар дайым эле республикадагы чыныгы абалды туура чагылдыра бербей турганын айтты.

Двусторонняя встреча глав МИД КР и РТ - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
ТИМ докладдарды даярдоодо Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматтарын пайдалануу менен объективдүү жана калыс болууга чакырды.

Мамлекеттик департамент даярдаган "Кыргызстанда 2017-жылга карата адам укуктары боюнча абал" отчетунда "Саясий туткундар жана кармалгандар" деген пункт бар.

Анда соттор оппозициялык партиялардын мүчөлөрүнө зордук-зомбулук менен байланышкан саясий аракеттеринен улам айып өкүмдөрүн чыгарганы айтылат. Өмүрбек Текебаев 16-августта коррупция боюнча айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. УКМК Азимбек Бекназаров Текебаевдин иши боюнча жалган көрсөтмө берди деп кылмыш ишин козгогон.

Ага кошумча, август айынын башында мурдагы депутат Садыр Жапаров 2013-жылдагы Ысык-Көл облусундагы саясий толкундоолор боюнча кылмыш иштин алкагында адам уурдоо боюнча күнөөлүү деп табылган. Расмий булактар Жапаров 2-апрель күнү абакта өз жанын кыюуга аракет кылганын айтышкан.

Бейөкмөт уюмдардан көз салып тургандардын жана Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, бул нерселер 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун алдындагы саясий негиздеги кадам катары бааланган.

Здание конгресса США в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
АКШнын Интернетте Россияга каршы иштөө мыйзам долбоору. Тизмеде Кыргызстан да бар
Докладда зомбулук, адилетсиздик жана аппеляцияга байланышкан соттук процесстердин калган кээ бир суроолорунда байкоочулардын бир катары жогоруда айтылгандарды саясий туткун катары карагандыгы айтылган.

Кыргызстандагы адам укуктары боюнча АКШнын Мамдепартаментинин доклады жыл сайын жарыяланып турат. 2018-жыл тууралуу отчет быйыл март айынын башында берилген.

"Саясий туткундар жана кармалгандар" категориясында бул жолу "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-депутат Садыр Жапаровдон тышкары мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев да көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0