13:51 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Сооронбай Жээнбеков: үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейбиз

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
480 0 0

Өлкө башчысы март окуясында эл бийликтин бутагы экенин далилдегенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция күнүнө байланыштуу кайрылуу жасап, март окуяларында эгемендик үчүн кыргыз калкы эч качан тизе бүкпөй турганын көрсөтүп, бийликтин бутагы эл экенин далилдегенин айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилекке каршы, март революциясы максатына жетпеди. Таза жана калыс бийлик орнотуу тууралуу элибиздин асыл максаты ишке ашпай калды. Бийлик да, коомчулук дагы Аксы окуяларынан, март жана апрель элдик революцияларынан сабак алууга милдеттүү", — деп айтылат кайрылууда.

Президент кайрылуусунда үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербей турганын баса белгилеп кеткен.

"2005-жылдын 24-марты — эркин мамлекет, адилеттүү коом үчүн үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жана коррупцияга каршы чыккан кыргыз элинин каарман күрөшүнүн санжыралуу барактарынын бири. Биздин максатыбыз эркин жана гүлдөп өнүккөн мамлекет куруу, калктын жашоосу үчүн татыктуу шарттарды түзүү. Жараткан Кыргызстаныбыздын түбөлүгүн түз, келечегин кең кылсын. Ынтымагыбыз жана биримдигибиз чыңдалып, өнүгө берели", — деп жазылган өлкө башчынын кайрылуусунда.

Эске салсак, бүгүн, 24-мартта, "жоогазын ыңкылабы" деп аталган ири саясий окуяга 14 жыл толду. Анда Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет бийлик күч менен алмашып, биринчи ирет президент өлкөдөн качып чыгып кеткен.

Тема боюнча

Жээнбеков: Кыргызстанды мафия башкарган мезгил да болду
Президент Жээнбеков чек арадагы чыр-чатакка күч түзүмдөрүн айыптады
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы элдик майрам болуп белгиленет
Белгилер:
кайрылуу, президент, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ