Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Президент Жээнбеков чек арадагы чыр-чатакка күч түзүмдөрүн айыптады

© Sputnik / Табылды КадырбековПервая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года
Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы чек арачылар өз карамагындагы территорияны кайтаруу менен эле чектелбестен, жергиликтүү калк жана кошуна мамлекеттин чек арачылары менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүүгө тийиш экенин белгиледи.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы чек ара маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Последнее заседание Жогорку Кенеш V созыва - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чыры: депутаттар өкмөттүн отставкасын талап кылууда
Анда мындай окуяларды болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат айтылды.

Вице-премьер Жеңиш Разаковдун айтымында, тажик тарап менен Баткен облусунда чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча 5 күндүк сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анда эки маселе каралган. Алар 2019-жылдын 13-14-мартында болгон окуяларды талкуулоо, мурда жетишилген макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу жана бул территорияда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу.

"Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өттү. Биз укук коргоо, прокуратура, жергиликтүү бийлик органдарына, коңшу облустардын губернаторлоруна окуяларды иликтөө жана эки өлкөнүн жарандары жашаган көчөлөрдү патрулдоо боюнча биргелешип иш жүргүзүү милдетин койдук. Мындан тышкары, коңшулаш облустардын жетекчилери башында турган туруктуу комиссия иштеп, ал талаштуу жагдайларды талдап, пайда болгон чыр-чатактарды жеринде жөнгө салуу үчүн ыкчам чара көрөт", — деди Разаков.

Вице-премьер-министр КР Жениш Разаков - Sputnik Кыргызстан
Разаков кыргыз-тажик чегиндеги окуя боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын айтты
Ал ошондой эле адамдардын тоскоолдуксуз ары-бери өтүүсү үчүн ар кандай чек ара постторун алып таштоо тууралуу келишимге кол коюлганын эске салды. Ак-Сай айылына алып баруучу айланма жолдун курулушу аягына чыгарылат, ал ортодогу жалпы жол болуп, андан Кыргызстандын да, Тажикстандын да жарандары пайдалана алат. Ошондой эле Баткен районуна караштуу үч айылдын малын айдап өтүү үчүн Ак-Сай — Тамдык жолун куруу макулдашылды.

Президент Жээнбеков чыр-чатакты болтурбоо үчүн калк арасында алдын ала иш жүргүзбөгөн күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алды.

Ал чек арачылар өз карамагындагы территорияларды кайтаруу менен эле чектелбестен, жергиликтүү калк жана кошуна мамлекеттин чек арачылары менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүүгө тийиш экенин өзгөчө белгиледи.

"Өлкөдөгү бейпилдик жана тынчтык чек арадагы туруктуулукка байланыштуу болот. Кандай кырдаал түзүлбөсүн, озунуп иштеп, жергиликтүү бийликтин жана калктын өкүлдөрү менен биргелешип маселелерди чечүү зарыл. Ар кандай бузуку аракеттерге жол бербегиле", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы чек ара боюндагы аймактарда социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү жана калктын талаптарын өз убагында чечүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0