Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Чек ара чыры: депутаттар өкмөттүн отставкасын талап кылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследнее заседание Жогорку Кенеш V созыва
Последнее заседание Жогорку Кенеш V созыва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн өкүлү премьер бүгүн эртең менен Ошко учуп кеткенин айтты.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзү берүүсүн талап кылышты.

Депутат Карамат Орозова чек арада ок атылып жатса, эмне үчүн премьердин келбегенин сурады.

"Эмне себептен өкмөт башчы келген жок? Ал жерде ок атылып, чек ара бузулуп жатат. Эмне үчүн башкы прокурор келген жок? Тышкы иштер министри эмнеге келген жок? Ошолор келгенге чейин биз бул маселени карабашыбыз керек", — деди ал.

Орозова ошондой эле ушундай нерселерден улам депутаттардын дарегине айтылган сын-пикирлер туура экенин, анткени алар өздөрү шарт түзүп берип жатканын айтты.

"Биздин атыбызга айтылган сын-пикирлерге чычалайбыз. Ошого өзүбүз жол берип жатабыз. Айтылган сын-пикирлер абдан туура. Чек арада ок атылып жатат, адамдар жарадар болуп жатат, эмне үчүн премьер келбейт, келсин өзү", — деди эл өкүлү.

Депутаттар Таабалды Тиллаев, Исхак Масалиев, Рыскелди Момбеков дагы премьердин өзү келип маалымат беришин талап кылышты.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 5 күндөн кийин ачылды
Вице-премьер Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча иштер анын милдети экенин айтып, депутаттардын суроолоруна толук жооп бере аларын айтты.

Ал эми өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов премьер-министр Абылгазиев бүгүн эртең менен Ошко жазгы талаа иштери менен жеринен таанышуу үчүн учуп кеткенин билдирди.

Өз кезегинде депутат Карамат Орозова чек арадагы абал курчуп турган маалда премьердин Ошко кетип калганы туура эмес экенин айтып, депутаттарды тоготпогон өкмөттүн отставкасын талап кылды.

Эске салсак, Баткен районундагы Ак-Сай менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынан жашоочуларынын арасындагы чатак 13-мартта чыккан. Эртеси, 14-мартта, эки тарап бири-бирине таш атып, чыңалуу күч алган. Каршылашуунун себеби Кыргызстан тараптан Ак-Сай — Тамдык айланма жолунун курулушу болгондугу айтылган. Вице-премьер Жеңиш Разаков эки тараптуу жолугушууда бир кыйла макулдашууларга жетишилгенин айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0