Мелис Турганбаев ЖАМК менен колониялардагы кадрларды алмаштырды

Жазылуу
№1 тергөө абагынын башчысы ЖАМК жетекчисинин орун басары болду.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев  кадрларды алмаштырганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Эми ЖАМК башчысынын орун басарлыгын Мырзабек Адылбековдун ордуна №1 тергөө абакты жетектеп келген Аскат Эгембердиев аркаламай болду.

Ал эми түзөтүү колонияларында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болду:

Проверка главы ГСИН Мелиса Турганбаева колонии-поселении №32 и Центральной базы ГСИН - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев эки колонияга барып нааразы болду. Сүрөт
№53 тергөө абагынын жетекчиси №8 колонияга которулду;

№23 колониянын жетекчиси болуп Түлөбай Эргешов дайындалды. Ал буга чейин №21 түзөтүү абагынын жетекчисинин орун басары болчу;

Сансызбай Хасенов №8 колониянын жетекчилигинен №53 мекемеге которулду;

Ал эми Талант Каниметов №45 түзөтүү колониясынын башчысы болгону айтылды.

Эскерте кетсек, Мелис Турганбаев ушул жылдын февралында ЖАМК жетекчиси болуп дайындалып, бир катар кадрларды алмаштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0