10:19 21 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7563
  • EUR79.1281
  • RUB1.0852
 Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кохир Расулзода. Архивдик сүрөт

Кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкөнүн өкмөт башчылары маселени талкуулашты

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал (27)
123 0 0

Сүйлөшүү маалында мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигин активдештирүү боюнча сөз болду.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кохир Расулзода чек арадагы маселе боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ, 13-мартта, Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан улам Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.

Өкмөт башчылар белгилегендей, учурда эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары абалды жөнгө салуу жана чектеш аймактарда туруктуулукту камсыздоо үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүшүүдө.

Сүйлөшүү маалында мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердигин активдештирүү боюнча сөз болду.

Окуя болгон жерге эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кырдаалды турукташтыруу боюнча ишин координациялоо үчүн КР вице-премьери Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим барган.

Тема:
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал (27)

Тема боюнча

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал турукташты
Кыргыз-тажик чек арасында чогулгандар тарай элек, бирок кагылышуулар жок
ЖК кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жабык эшик артында карамай болду
Белгилер:
талкуу, чек ара, Мухаммедкалый Абылгазиев, Тажикстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ