Жээнбеков Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары менен мамилеси кандай экенин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаммит международного фонда спасения Арала в Туркменбаши
Саммит международного фонда спасения Арала в Туркменбаши  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин айтымында, чөлкөмдөгү бардык мамлекеттер менен алака бекемделди.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолукканда мамлекеттин Борбор Азия менен карым-катнашы тууралуу сөз кылды.

Анын айтымында, чөлкөмдөгү бардык мамлекеттер менен алака бекемделди.

Мисалы, Казакстан лидери Нурсултан Назарбаев менен чек ара жана соода маселелери жөнгө салынды. Учурда суу, ветеринария жана фитосанитария боюнча көйгөйлөр талкууланып жатат.

"Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бири-бирибизге болгон ишеним бекемделди", — деди Жээнбеков.

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Өзүнчө эле турист! Жээнбеков командировкага чыккан аткаминерлер тууралуу
Учурда өлкө үчүн негизги тапшырмалардын бири — Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араларды акырына чейин делимитациялоо жана демаркациялоо.

"Ошондой эле экономикалык кызматташтыкты жакшыртып, Кыргызстан менен товар айлантуудагы үлүштү көтөрүүбүз керек", — деди өлкө башчы.

Мындан тышкары, президент энергетика тармагында Түркмөнстандын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарылдыгына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0