Жээнбеков Путин менен жолугушуунун пайдасын айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНеформальная встреча президента КР Сооронбая Жээнбекова и главы РФ Владимира Путина в Сочи
Неформальная встреча президента КР Сооронбая Жээнбекова и главы РФ Владимира Путина в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы иш сапардын алкагында эки тараптуу келишимдерди жүзөгө ашырууга ниеттенип жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен бир канча ирет жолугушуунун натыйжасында эки тараптын мамилеси бир топ өнүктү. Бул туурасында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы элчилик менен консулдуктардын жетекчилери менен жолугуп жатып билдирди.

Жээнбеков президент катары Россияга болгон алгачкы иш сапары тууралуу айтып берди.

"Владимир Владимирович Путин менен бир нече ирет жолугушуунун натыйжасында эки тараптын мамилеси алда канча өнүктү. "Кара тизмеге" кирген мекендештердин маселеси чечилди. Россия тарап ири долбоорлорду ишке ашырууда. Товар жүгүртүү дагы өсүп, аскердик-техникалык жааттагы кызматташуу алдыга жылууда", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы кошумчалагандай, марттын аягында Путиндин Кыргызстанга келиши пландалууда.

"Иш сапардын алкагында бир нече келишимдер менен макулдашууларды жүзөгө ашыра аларыбызга ишенем" — деди Жээнбеков.

Путиндин Кыргызстанга сапары 28-мартка белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0