Кыргызстандын Түркиядагы элчиси дайындалды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган Кубанычбек Өмүралиев
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган Кубанычбек Өмүралиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки элчи Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчиликти жетектейт.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп Кубанычбек Өмүралиев дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Белоруссиядагы элчи болуп иштеп келген Өмүралиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин тармактык комитети жактырган.

Ал эми Түркияда дипломатиялык өкүлчүлүктү башкарып келген Ибрагим Жунусов Өзбекстанга которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0