Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды

Жазылуу
Буга чейин Японияда элчи болуп келген Чыңгыз Айдарбеков ушу тапта тышкы иштер министри.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Ага ылайык, Японияга Мирлан Арстанбеков, Афганистанга Мирослав Ниязов жана Бельгия Королдугуна Муктар Жумалиев дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0