Кыргызстан аскерлерди даярдоодо Кытай менен кызматташат

© Sputnik / Табылды КадырбековСовместная тренировка спецназа государств ШОС
Совместная тренировка спецназа государств ШОС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөнбиев 25-февралдан 1-мартка чейин Кытайга жумушчу сапары менен барып келген

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытай коргоо жана коопсуздук, аскер техникасы, ошондой эле аскерлерди даярдоо боюнча кызматташат. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын маалымат жана коом менен байланышуу башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев 25-февралдан 1-мартка чейин Кытайга жумушчу сапары менен барып келген.

Заместитель председателя Государственного комитета по делам обороны  Нурсеит Кедеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кедеев: аскер кафедрасы бир гана Медицина академиясында калды
Анда Дүйшөнбиев Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ, Синьцзянь аскер округунун командири, генерал-лейтенант Лю Ванлун жана Кытайдын 301-аскерий госпиталынын жетекчилиги менен жолуккан.

Жолугушуу маалында тараптар апрель айында пландалып жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынын уюштуруу маселелерин да талкуулашкан. Андан сырткары, аймактагы тынчтыкты, терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү боюнча биргеликте аракет кылуунун маанилүүлүгү белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0