КТРКны жетектейм дегендер иргелип, 17си калды. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовТабличка у здания КТРК
Табличка у здания КТРК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-мартта талапкерлер өз программалары менен тааныштырышат.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигин коюп жаткандардын 17си сынактын кийинки баскычына өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев билдирди.

Эске салсак, 28-февраль күнү талапкерлер аңгемелешүүдөн өтүп, каналдын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков бул орунга ат салышуудан баш тарткан.

"Коомдук кеңеш Карыпбековдон тышкары Каарманбек Кулуевдин талапкерлигин дагы жокко чыгарды. Анткени ал Кыргызстанда болбогондуктан, аңгемелешүүгө Skype аркылуу катышууну суранган. Анын өтүнүчү канааттандырылган жок", — деди Болгонбаев.

Анын айтымында, бүгүн, 1-мартта, талапкерлер өз программалары менен тааныштырышат.

Калган талапкерлер:

  • Адил Турдукулов;
  • Алим Токторов;
  • Абдухалил Акматов;
  • Болотбек Тиллебаев;
  • Галина Байтерек;
  • Дүйшөк Мамбетөмүров;
  • Замирбек Казакпай уулу;
  • Ибраим Нуракун уулу;
  • Ишен Айтмамбетов;
  • Куттумидин Базаркулов;
  • Мирбек Мурзабеков;
  • Мирлан Самыйкожо;
  • Малика Курманова;
  • Сюита Соурбаева;
  • Сураган Досумбаев;
  • Эркинай Эшанкулова;
  • Үсөн Жайнак уулу.

Болгонбаев кошумчалагандай, бүгүнкү программа менен тааныштыруу этабынын жыйынтыгы менен айрым талапкерлер сынактан четтетилиши ыктымал.

Шайлоо март айынын экинчи жарымына белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0