Жээнбеков аткаминерлерге: кабинетте отура бергенди токтоткула!

© Sputnik / Табылды КадырбековПервая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года
Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент аткаминерлерге өнөктөш, инвестор издөө талабын да койду.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мамлекеттик филармонияда өтүп жаткан аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалогдо аткаминерлерди сыртка чыгып иштөөгө чакырды.

"Мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып кетет элем. Иш бөлмөдө отура берүүнү токтоткула. Аймактарды кыдырып, өнөктөш, инвестор издегиле. Биз менен кызматташууга көптөгөн уюмдар кызыкдар. Алар менен иштеше билүү керек", — деди Жээнбеков.

Президент көптөгөн долбоорлорду донор жана насыя берүүчүлөр каржылагандыктан, аларды сарптоодо катуу көзөмөл болбосо "ишеничтен чыгып калабыз" деп баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0