Жээнбеков элдин көйгөйүн чече албаган жетекчилерге нааразы болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит в Баткенскую область президента Сооронбая Жээнбекова
Визит в Баткенскую область президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы аким институтун бекемдөө зарыл деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Акимдердин укугун бекемдөө зарыл. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалогдун жүрүшүндө айтты.

Өлкө башчысы элдин маселесин жеринде чече албаган жергиликтүү бийликке нааразы болду. Жээнбековдун айтымында, үнү жетпеген эл айласыз борбордук органдарга кайрылып жатат. Президент аймактагы жолугушуулардын бириндеги окуя тууралуу айтып берди.

"Кадамжайдын тургуну жер тилкесинен ажырап калуу коркунучунда экен. Жергиликтүү бийликтин эшигин какканына беш жыл болуптур. Териштиргиле деп тапшырма бердим. Ушундай боло берсе, эл кантип бийликке ишенмек эле? Бул ошол эле жерден чечип койчу маселе да", — деди мамлекет жетекчиси.

Президент ошондой эле аким институтун бекемдөө планын эске салды. Жумушчу топ өз сунуштарын бериши керек. Өлкө башчы "акимдерге мүмкүнчүлүк берип, колдоо көрсөтүш керек" деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0