23:02 08 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.0500
  • EUR91.1694
  • RUB1.0463
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
16910

Депутат Абдывахап Нурбаев министр өкмөт башчыга орун басарларын иштен алуу боюнча кат жазганын билдирди.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында экономика министри Олег Панкратов төрт орун басарын кызматтан бошотуу боюнча премьердин атына кат жазганын айтты.

Депутат эгер чындап ушундай кат келип түшсө, анда министр командасы менен кызматтан кетиши керектигин, ал эми төрт орун басары ордунда калып, жетекчиси жоопкерчилик алышы керектигин билдирген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы эл өкүлү менен байланышып, министрдин орун басарларын иштен алуу боюнча кат жазганы тууралуу маалыматты кайдан алганын сурады.

"Мага министрликтен айтышкан. Чынында премьерге жазылган катты көргөнүм жок. Аны өкмөттөн тактасаңар болот", — деди Нурбаев.

Ал эми экономика министри Олег Панкратов депутат мындай маалыматты кайдан алганын билбей турганын жана ал өкмөт башчыга орун басарларына даттанып кат жазбаганын белгиледи.

"Орун басарларымды иштен кетирейин деген оюм жок. Жакында эле министрликтин 2018-жылда жасаган иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Бардык көрсөткүчтөр туруктуу. Инвестиция тартуу боюнча кемчиликтер бар, бирок ал үчүн мен өзүм жооп берем", — деди Панкратов.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 26-февралдагы жыйынында "2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргызстандын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын КР тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" КР мыйзамынын долбоорун талкуулады.

Тема боюнча

Абылгазиев милдетин так аткарбаган төрт аткаминерге эскертүү берди
Нурида Байзакова Мамлекеттик сатып алуулар департаментине директор болду
Белгилер:
өкмөт, орун басар, Олег Панкратов, Абдывахап Нурбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ