Нурида Байзакова Мамлекеттик сатып алуулар департаментине директор болду

Жазылуу
Мекемени буга чейин Улан Озумбеков жетектеп келген.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп Нурида Байзакова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Байзакованын Финансы министрлигинин системасында иштегени маалым.

Департаменттин буга чейинки жетекчиси Улан Озумбеков реформалоо боюнча планды аткарбаганы үчүн ишинен алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0