07:47 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
 Борбор калаанын экс-вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев. Архив

Бишкектин вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев кызматынан кетип, наамы төмөндөдү

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
260 0 0

Дүйшөмбиев 2010-жылдан бери вице-мэрлик кызматты аркалап келген.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Борбор калаанын вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев "Бишкексууканал" ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Дүйшөмбиев вице-мэр болуп турганда курулуш жаатын көзөмөлдөп келген. Ал бул кызматты 2010-жылдан бери аркалап, мэрлер Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана Азиз Суракматов менен иштешкен.

"Бишкексууканалдын" мурдагы жетекчиси Асылбек Исаев өз каалоосу менен иштен кетти.

Ал эми курулуш жана архитектура жаатын тескеген вице-мэрдин милдетин башка вице-мэр, Рыспек Сарпашев аткармай болду.

Тема боюнча

КТРКнын башчысы болом дегендердин саны бешке жетти
Белгилер:
Бишкексууканал, вице-мэр, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ