Жээнбеков Баткен менен Жалал-Абадды кыдырып жүрөт

Жазылуу
Сапар эки күнгө созулмакчы.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен жана Жалал-Абадга барарын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мамлекет жетекчиси бүгүн Баткенге, эртеси, 21-февралда, Жалал-Абадды кыдырмакчы.

Иш сапардын алкагында Жээнбеков Баткендин Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары, ошондой эле Жалал-Абаддын Сузак районунун жашоочулары менен жолугушат.

Мындан тышкары, өлкө башчысы аталган аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилерин көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0