КСДП парламентте айтылган айыптоолор боюнча билдирүү таратты

© © Фото / секретариат фракции СДПКЗакрытое заседание фракции СДПК
Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта Сапар Исаков да, Алмазбек Атамбаев да эч качан эч кимден мыйзамды аттап өтүшүн талап кылбаганы айтылат.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу өткөн Жогорку Кеңештин жыйыны боюнча билдирүү таратты.

ЖКнын жыйыны кечээ,14-февралда, болгон.

"Экспертмин дегендердин ТЭЦтин 90 пайызын модернизациялоо иштерин 50 милллион долларга эле жасаса болмок деп айткандары таң калтырат. Мында электр энергиясын иштеп чыгуудагы 300 мегаваттык кубатын арттыруу болбоду беле", — деди Жолдубаева.

Ошондой эле ал кечээ ЖКда айтылган билдирүүлөрдү КСДП сотко карата эптеп жасалган жана далилсиз кысым катары баалай турганын билдирди. Ал муну ойдон чыгарылган кине деп "Сапар Исаков спикерди, премьер-министр жана башка адамдарды мыйзам бузууга мажбурлаган деген айыптоо негизсиз" деген маалыматты таратты.

Экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Шадиевдин качышына экс-башкы прокурор Жолдубаеваны айыптады
"Эми экс-президенттин дарегине айтылып жаткан "коркутмайлар" жөнүндө. Кыязы, тергөө бул жылдар ичинде Кыргызстанда бир гана президенттин аппараты иштеп, парламент, өкмөт, спикерлер жана премьерлер таптакыр унчукпай мыйзамдарды бузуп гана отурушкан деп ойлойт окшойт", — деди Жолдубаева.

Анын билдиришинче, Исаков да, Атамбаев да эч качан мыйзамды аттап өтүүнү талап кылган эмес.

"Спикер да, премьер-министр да президенттин аппаратын мындай кой, мамлекет башчынын өзүнө баш ийген эмес. Алардын ар биринде бийлик да, ыйгарым укуктар да жетиштүү берилген. Демек, жоопкерчилик да ошончолук болушу керек", — деп айтылат маалыматта.

Экс-спикер Асылбек Жээнбеков жыйында жогору жактан депутаттарды шаштырганын ошондуктан борбор калаанын ТЭЦи парламентте бир күндө колдоо тапканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0