Момбеков саламаттык сактоо министрине: кызматтан кетип калыңызчы, жардам берейин

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Момбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент эки министрдин — Жамшитбек Калилов менен Космосбек Чолпонбаевдин кемчилигин баса белгилегенин кошумчалады.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жалпы жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кызматтан кетүүгө жардам берерин айтып, ишинен кетип калса президентке, премьерге, элге да жакшы болорун айтты.

Депутаттар бүгүн "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал экинчи окууга киргизилет.

"Өкмөткө өнөкөт болуп калды. Мына 2016-жылы Замирбек Айдаров деген транспорт министри China road компаниясынын жолтандабасын минип кызматтан кеткен. "Өнүгүү" фракциясы ушундай талап койгон. Кийин Дүйшөнбек Зилалиев дагы Кытайдын "То Лун" деген компаниясынын жолтандабасын минип, ал дагы кызматтан кеткен. Ал эми бул киши (Космосбек Чолпонбаев, саламаттык сактоо министри — ред.) эмне үчүн кызматтан кетпей отурат", — деп парламенттеги өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылды.

Момбеков ошондой эле Коопсуздук кеңештин жыйынында президент эки министрдин — Жамшитбек Калилов менен Космосбек Чолпонбаевдин кемчилигин баса белгилегенин кошумчалады.

Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу - Sputnik Кыргызстан
Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу
"Ал киши (Жамшитбек Калилов – ред.) моралдык жоопкерчилик алдым деп кетип калды. Бул киши болсо кете албай жүрөт. Сиз президентти, шеринелеш премьерди, депутаттарды, элди да кыйнабай кетип эле калсаңыз жакшы болмок. Мен мыйзам боюнча эмес, сиздин ыйманыңыз тууралуу айтып жатам. Ушундай чатактын башында жүрүп, министрликтин башында отурганыңыз ылайыксыз. Мен сизге жардам берейин", — деди депутат.

Эл өкүлү ошондой эле "кой аксагы менен жүз" болсо, өкмөт аксагы менен жүз болуп жатканын, өкмөттөгү аксак саламаттык сактоо министри болуп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун төрагасы Марат Калиев ар бири 5,6 миллион сомдук эки автоунаа сатып алганын депутаттар айтып чыгышкан. Бул нерсе өз кезегинде коомдо дагы түрдүү пикирлерди жараткан болчу. Аталган машиналар Дүйнөлүк банк бөлгөн гранттын эсебинен алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0