"Экинчи база" боюнча маселени Айдарбеков менен Лавров талкуулаган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКР менен РФ тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров
КР менен РФ тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов россиялык ЖМКларга берген маегинде расмий Бишкек Кыргызстанда экинчи аскерий базаны ачуудан баш тартпайт деген мааниде айткан.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстан жана Россиянын ТИМ жетекчилери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавровдун жолугушуусунда КРде экинчи аба базасын ачуу боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Бул туурасында ТИМден кабарлашты.

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бир нече күн мурда россиялык ЖМКларга берген маегинде расмий Бишкек Кыргызстанда экинчи аскерий базаны ачуудан баш тартпайт деген мааниде айткан.

"Бул боюнча суроону мага студенттер менен жолукканда беришти. Бирок Кыргызстандан расмий сунуш түшө элек", — деген Лавров.

Айдарбеков да аталган маселе боюнча кеп болбогондугун айтты.

"Президент бул боюнча мурда билдирүү жасаган", — деди министр Айдарбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с МИД РФ Сергеем Лавровым - Sputnik Кыргызстан
Лавров Жээнбеков менен жолуккандан кийин кандай бүтүмгө келгенин айтты
РФтин ТИМ жетекчиси Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип, президент Сооронбай Жээнбековго жолукту.

Лавровдун Бишкекке келишинин максаты Россия лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга март айында болчу расмий иш сапарына даярдык көрүү экендиги буга чейин айтылган. Андан сырткары, дипломат менен эки тараптуу кызматташуунун маанилүү учурлары, интеграциялык бирикмеге кошулгандан кийинки маселелер боюнча кеп болду. Тараптар эл аралык маанидеги суроолор боюнча да талкуу жүргүзмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0