Министр Кашкар Жунушалиев журналисттердин суроосуна жооп берет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМинистр внутренних дел Кыргызстана Кашкар Джунушалиев. Архивное фото
Министр внутренних дел Кыргызстана Кашкар Джунушалиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жыйынга министрден тышкары орун басарлары дагы катышат.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен орун басарлары маалымат жыйын берерин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ЖМК өкүлдөрү каттоодон өтүшү керек. Журналисттер менен жолугушуу 5-февралда ИИМдин имаратында саат 9:30да болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра Кашкара Джунушалиева - Sputnik Кыргызстан
Беш эсе! Кашкар Жунушалиев президентке кылмыштар эмнеге көбөйүп кеткенин айтты
Маалымат жыйында министрликтин кызматтарынын жетекчилери, Бишкек ШИИБ менен Чүй ОИИББдин башчылары катышат. Иш-чарада "Кыргызстандагы ички иштер органдарынын 2018-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердиги жана сот реформасынын алкагында жаңы кодекс менен мыйзамдарды ишке киргизүү аракеттери" тууралуу сөз болот.

Журналисттер өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар, кылмыштар тууралуу да суроолорду узата алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0