Бакиров спикер менен премьерге кол тийбестик берүү мыйзам долбоорун чакыртып алды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров. Архив
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын демилгеси боюнча кол тийбестик жогорку кызматтагы адамдардын туугандарына да тиешелүү болмок. Бирок эл өкүлү ЖМК анын оюн туура эмес түшүнүп алганын айтып, мыйзам чийки болуп калганын моюндаган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров өлкөнүн жогорку кызматтагы адамдарына жана алардын жакындарына кол тийбестик макамын берүү боюнча мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жазып чыкты.

Анын айтымында, мыйзам долбоору толукталып, негиздемеси түшүнүктүүрөөк болот.

Документ "Кыргыз Республикасынын эӊ жогорку кызмат адамдары жөнүндө" деп аталат. Ал эми долбоордун алтынчы беренеси "Ишмердиктин кепилдиги" деп аталат. Кол тийбестик туурасында дал ушул беренеде белгиленген.

Той. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат үч гана маараке өткөрүүнү сунуштап жатат
Анда ЖК төрагасы менен өкмөт башчынын турак жайы, кызматтык орун-жайлары, транспорттук каражаттары, байланыш каражаттары, аларга таандык архиви, башка мүлк, документтери, жол жүктөрү, жазышкан кат, билдирүүлөрү да кол тийбес болору белгиленген.

Sputnik Кыргызстан кабарчысы менен сүйлөшүү учурунда Бакиров анын демилгесин айрым ЖМКлар туура эмес түшүнүп алганын белгилеген. Депутаттын айтымында, башкы жаңылык документтин алтынчы беренесинде. Ага ылайык, жогорку кызматтагы адамдар бийликтеги кезинде тигил же бул аракети же аракетсиздиги боюнча кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт, мындан тышкары, суракка алынбайт жана тинтилбейт.

Белгилей кетсек, Жогорку кеңеш былтыр декабрда биринчи окууда "КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Бул документ Бакировдун демилгесине түп-тамырынан бери каршы келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0