Бакиров эми спикер менен премьерге кол тийбестик берүүнү сунуштады. Чийки мыйзам

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров. Архив
Жогорку Кеңештин Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентарий Бакиров иштеп чыккан мыйзамы чийки экендигин мойнуна алып, кайра карап чыгууга макул экендигин айтты.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров ЖК спикерине, премьер-министрге жана алардын үй-бүлөсүнө кол тийбестик укугун берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун алып чыкты.

Документ "Кыргыз Республикасынын эӊ жогорку кызмат адамдары жөнүндө" деп аталат.

Долбоордун алтынчы беренеси "Ишмердиктин кепилдиги" деп аталат. Кол тийбестик туурасында дал ушул беренеде белгиленген.

"Кыргыз Республикасынын эӊ жогорку кызмат адамдары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилинде алар тарабынан жасалган аракеттер жана аракетсиздик үчүн жазыктык жана административдик жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалышы, камакка алынышы, тинтилиши, суракка алынышы же болбосо жекече карап чыгылышы мүмкүн эмес", — деп жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Парламентте Айыл чарба министрлигин жоюу маселеси кайрадан көтөрүлдү

Анда ЖК төрагасы менен өкмөт башчынын турак жайы, кызматтык орун-жайлары, транспорттук каражаттары, байланыш каражаттары, аларга таандык архиви, башка мүлк, документтери, жол жүктөрү, жазышкан кат, билдирүүлөрү да кол тийбес болору белгиленген.

Бул кол тийбестик үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү экендиги даана көрсөтүлгөн.

"Ушул берененин аракет-күчү бирдей ченемде үй-бүлө мүчөлөрүнө таркалат, алардын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын үй-бүлө жана турак жай мыйзамдарына ылайык аныкталат", — деп айтылат беренеде.

Sputnik Кыргызстан кабарчысынын "Жогоруда саналган кызмат адамдарына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө карата мындай мыйзамдын эмне зарылдыгы бар эле?" деген суроосуна парламентарий так жооп бере алган жок.

"Кээ бирлер Кыргызстандын президентин, спикерин жана премьер-министрин өмүр бою каржылоо туурасында мыйзам долбоорун сунуштаганымды жазып жатышат", — деди ал.

Ал мында сөз экс-төрага, экс-премьер жана экс-президент туурасында болуп жаткандыгын, аларга статус берүү жагы каралгандыгын айтты.

Коомдук биринчи каналдын (КТРК) Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо - Sputnik Кыргызстан
КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо парламентти ызы-чууга салды
"Мыйзамдын 2-беренесинде экс-төрагаларды өзүнчө күбөлүк менен камсыз кылып, алардын өкмөт үйүнө, парламентке, президенттин аппаратына тоскоолдуксуз кирип-чыгуусу боюнча айтылган. Тагыраагы, ишмердүүлүгүнө кепилдик берүү каралган", — деп түшүндүрдү эл өкүлү.

Бакиров анткен менен бул мыйзам долбоору чийки жазылып калгандыгын эми түшүнүп жаткандыгын айтты.

"Документ коомдук талкууга сунушталып жатат, чийки да болушу мүмкүн. Буга түшүп жаткан сунуштардан, пикирлерден улам ынанып жатам. Мен аны кайрадан карап чыкканга макулмун", — деди Бакиров.

Эске салсак, жогорку кызмат адамдарынын ичинен президенттин кол тийбестиги боюнча "КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамда каралган. Анткен менен Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Добуш берүүгө жалпысынан 102 депутат катышып, 100 депутат макул десе, 2 депутат каршы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0