Бишкекке 3-4-февралда Лавров келет. Сапардын максаты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия ТИМинин расмий өкүлү ТИМ башчысынын күн тартибин айтып берди.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-4-февралда Бишкекте болот. Бул тууралуу РИА Новости ТИМдин расмий өкүлү Мария Захаровага шилтеме берип жазды.

Расмий сапар Кыргызстандын чакыруусу менен ишке ашат.

"Министрди Кыргызстандын президенти кабыл алат. Ошондой эле өлкөнүн ТИМ башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт", — деди Захарова.

Ал белгилегендей, жолугушуу учурунда Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу сапары жана эки тараптуу мамилелердин негизги аспектилери талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0