Сулайманов: Конституцияны өзгөртөбүз деген күчтөр чыгып жатат

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловДепутат Алтынбек Сулаймановдун архивдик сүрөтү
Депутат Алтынбек Сулаймановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү бир ууч топтун элди дүрбөтүүсүнүн кереги жок экенин айтты.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов учурда Конституцияны өзгөртөбүз деген күчтөр жанданып жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин айтып, анын себептерине токтолду.

"Мен Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршымын. Эмне үчүн? Эгемендүүлүк алгандан бери Конституцияны тогуз жолу өзгөртүптүрбүз. Дайыма бийлик өзүнүн таасирин күчтөндүрүү үчүн өзгөртүп келген, ошонун негизинде эки революция болду. Азыр дагы Конституцияны өзгөртөбүз деген күчтөр чыгып жатат. Бул таптакыр туура эмес. Бүгүнкү парламент, президент, өкмөт, бардыгы Конституцияны өзгөртпөшүбүз керек. Азыркы Конституцияны иштетишибиз керек", — деди Сулайманов.

Депутат бул Баш мыйзам үчүн эл добуш бергенин, андыктан алардын тандоосун сыйлоо керектигин кошумчалады.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы жок
Ал ошондой эле парламенттин чоң укугу бар экенин, анын ичинде бюджетти кабыл алуу да артыкчылыктуу укуктардын бири экенин белгиледи.

"Биз кабыл алган бюджетке президент өзгөртүүсүз кол коюп жатат. Андыктан ар бир мамлекеттик ишкананы, мамлекетте кандай иш болуп жатканын бюджет менен тескесек болот. Буга эч ким тоскоол болгон жок. Өзүбүздүн чабалдыгыбызда гана болуп жатат", — деди ал.

Сулайманов Конституцияны өзгөртөм деген күчтөрдүн элди дүрбөтүүсүнүн кереги жок экенин баса белгилеп, парламенттик башкаруу багытын тандагандан кийин ошол багыт боюнча кетүү керектигин жана келечек сөзсүз парламенттик башкарууда экени экендигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0