"Чемпион" деген ким өзү? Чек арадагы атышууда аты аталган депутат тууралуу

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Урмат Самаев
Депутат ЖК Урмат Самаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган ишембинин түнүндө "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинде аткезчилер ортосунда атышуу болгон. Араздашкан тараптардын бири "Чемпион" деген каймана аты бар Жогорку Кеңештин депутаты жана анын жакындары экени айтылууда.

Чүй облустук милициясы бул окуя боюнча ЖК депутаты Урмат Самаев суракка чакырылганын билдирди. Бирок ал "жаңжалга эч кандай тиешем жок" деп көрсөтмө берген. Мындан улам "Чемпион" аттуу кайсы депутат бар?" деген суроо жаралат.

Бул суроо 29-январдагы маалымат жыйын учурунда Чүй ОИИББдин начальниги Самат Курманкуловго да берилген.

"Бул суроонун жообун өзүң (журналистке —ред.) билесиң да. Муну баары билет. Жогорку Кеңештин депутатын ушинтип аташат экен. Бирок мен анын ким экенин билбейм", — деп жооп берген начальник.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы вице-спикер Мирлан Бакировго да ушундай суроо узатканда ал "Чемпион" деген каймана аты бар депутатты билбей турганын айтты.

Временно исполняющий обязанности начальника ГУВД Бишкека Самат Курманкулов - Sputnik Кыргызстан
Чүй милициясынын башчысы Токмоктогу атышууну ЖМКдан билгенине уялды. Видео
Урмат Самаев "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келип мандат алган. Бул фракциянын лидери Алмаз Баатырбеков "Чемпион" ким экенин жашырбай эле ачык айтты.

"Каймана аты болсо эле криминалга тиешеси бар деп сөзсүз түрдө жаман жагын ойлойбуз да. Спорттогу балдардын баарынын каймана аты бар. Мисалы, Алмаз Акун "Бөрү", Валентина Шевченко "Пуля" деп чыгат. Анын сыңары, Урмат Самаев да жаш кезинде "Чемпион" деп чыгып жүргөн. Ал бокс боюнча чемпион, машыктыруучу болгон. Каймана аты "Чемпион", демек криминалга тиешеси бар дегенден алыс болушубуз керек", — деди Баатырбеков.

Өткөн жылдын май айында Урмат Самаевдин "De-факто" гезитине берген маегин анын жардамчысы Адинай Марипова Facebook баракчасына жарыялаган.

"Чемпион" каймана аты бар, бокс боюнча спорт чебери, Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири Урмат Самаевди бүгүнкү, 25-май туулган күнү менен куттуктап, эл өкүлүнүн бейне сүртүмдөрүнө кайрылалы дедик", — деп маектин баш сөзүндө жазылган.

Аты аталган Урмат Самаев бул боюнча өзү эч кандай комментарий бере элек. Белгисиз себептер менен дүйшөмбүдөн бери жумушка келген эмес. Журналисттер анын иш бөлмөсүнө барып да, телефон чалып да байланыша албай жатат.

Ал ортодо Алмаз Баатырбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кесиптеши менен сүйлөшүп "Токмоктогу атышууга аралашкан эмесмин" деген маалымат алганын билдирди.

Урмат Самаевдин депутаттыкка чейинки чыйыры

Депутат Урмат Самаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы атышуу боюнча ЖК депутаты Урмат Самаев сурак берип чыкты
Урмат Самаев Чүй районунун Он бир жылга айылынын кулуну, 33 жашта. Каракол шаарындагы Юридикалык академияда юриспруденция факультетин 8 жылда бүтүргөн. Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинде бокс боюнча машыктыруучу (2 жыл), 2012-2015-жылдары Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон. Өмүр баянында ишкердиги туурасында жазылган эмес.

Парламенттик шайлоодон кийин "Кыргызстан" фракциясынын чечиминин негизинде депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова мандатынан ажыратылган. Алар Жогорку сотко чейин даттанып креслосун коргоп кала алган эмес. Мындан улам алардын ордуна Урмат Самаев менен Алмазбек Токторов келген.

Айрым маалыматтарда Урмат Самаев БШКнын мурдагы төрагасы, учурдагы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгуналы Абраимовдун күйөө баласы экени жазылган. Бирок Абдраимов Sputnik Кыргызстан агенттигине маалыматты четке кагып, эч кандай тууганчылыгы жоктугун белгиледи.

Ишкердиги жана байлыгы

Эл өкүлү чарбачылык менен да алектенет. Мурда берген маектеринде 300-400 адамды иш менен камсыз кыла турганын айткан. Анын тулпарлары ат чабыштарга катышып келет. 2017-жылы Алматыда өткөн аламан байгеден Покер аттуу аргымагы озуп чыгып, баш байгеге коюлган Нива унаасын утуп алган.

© Фото / Самат Сулайманов2017-жылы Алматыда өткөн аламан байгеден Самаевдин Покер аттуу аргымагы озуп чыгып, баш байгеге коюлган Нива унаасын утуп алган.
Чемпион деген ким өзү? Чек арадагы атышууда аты аталган депутат тууралуу - Sputnik Кыргызстан
2017-жылы Алматыда өткөн аламан байгеден Самаевдин Покер аттуу аргымагы озуп чыгып, баш байгеге коюлган Нива унаасын утуп алган.

Самаев 2017-жылга карата берген декларациясында бир жылда 670,7 миң сом иштеп табарын көрсөткөн. 100 чарчы метрлик турак жайы, 5 миллион сомдук жылкылары, 2 миллион сомдук мал-жандыктары бар. Мындан сырткары, "ОДА Тынай — Секьюрити" ЖЧКсына ээлик кылат.

Изолятор Кэмп-Рэй в Гуантанамо - Sputnik Кыргызстан
Контрабандачылардын атышуусу боюнча Чек ара кызматы үн катты
Көк бөрү федерациясынын вице-президенти болуп алты ай иштеген. Үстүбүздөгү жылдын 24-январында Аргымак федерациясынын президенти болуп дайындалган. Ага чейин бул кызматты ЖК депутаты Иса Өмүркулов аркалачу.

Ошондой эле спортко кошкон салымдары, кайрымдуулук иштери туурасында маалыматтарды депутат өзү социалдык тармактагы баракчасына жарыялап келет.

Эскерте кетсек, 26-январга караган түнү "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында контрабандачылардын атышуусу болгон. Буга шектүү катары эки адамды камакка алуу чечими чыккан. Бирок экөө тең ок жегенин айтып ооруканада жатат. Алардын бири Дастан Бейшенкулов депутат Урмат Самаев менен тууганчылыгы бар экенин моюндаган.

Учурда укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0