Президент коррупцияга малынган эки маморганды атап, баа берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПервая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года
Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы эки мекемени катуу сындап зекиди.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы эң коррупциялашкан орган — Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде айтты.

Ага чейин өлкө башчысы Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин ишин сынга алган.

"Силердин ишке "-3" деген баа коюп келчүмүн. Бирок азыркы докладыңыздан кийин "ноль" экенин түшүндүм", — деди президент.

Андан соң Жээнбеков Экотехинспекцияга нааразы болду.

"Бул эң коррупциялашкан орган. Саясий органга айланып, кызматкерлеринин гана кызыкчылыгын көздөйт", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчы аталган мекеме 1600 текшерүү жүргүзүп, эч кандай жыйынтык чыгарбаганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0