Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды. Дайын-дареги

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүУлуу Британиянын желеги. Архив
Улуу Британиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломат расмий ишке 2019-жылдын июнь айынан тарта киришет.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп Чарльз Гарретт дайындалды. Бул тууралуу Британия өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланды.

Чарльз Гарретт Робин Орд-Смиттин ордуна келди. Ал расмий ишке 2019-жылдын июнь айынан тарта киришет. Робин Орд-Смит Кыргызстандагы элчиликти 2015-жылдан бери башкарып келе жаткан.

​Жаңы элчи Чарльз Гарретт эмгек жолун 1988-жылы Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинде иштөө менен баштаган. Ведомствонун түрдүү тармактарында иштеген. Анын ичинде Британиянын Тайбэйдеги соода жана маданият башкармалыгында, андан сырткары, Гонконгдогу делегациянын курамында эмгектенген.

Ал Кыргызстанга дайындалганга чейин Улуу Британиянын Македониядагы дипломатиялык миссиясынын башчысы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0