Жээнбеков өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн бир катар жетекчилерин алмаштырды

Жазылуу
Дайындоолор Генералдык штаб, Улуттук гвардия, Кургактагы аскерлер менен Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде болду.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө төрт адамды жаңы кызматка дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

— Нурлан Кирешеев Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин командачысы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмазбек Карасартов дайындалды;

— Кирешеев Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары болуп бекитилди;

— Талантбек Эргешов Улуттук гвардиянын командачысы болуп дайындалды;

— Акылбек Ибраев КР Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0