Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча келишим ратификацияланды

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министрлиги мыйзамдын ички жол-жоболору туурасында казак тарапка маалымдашы керек.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Чек араны демаркациялоо боюнча келишимге 2017-жылдын 25-декабрында Астанада кол коюлган. Ал эми мыйзам 2018-жылдын 6-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Тышкы иштер министрлигине жогоруда аталган келишимдин күчүнө кириши үчүн ички жол-жоболору туурасында казак тарапка маалымдоо тапшырмасы берилди.

Чек аранын линиясы 1257,07 чакырымды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0