Жээнбеков: шайлоого байланышкан мыйзамды тезирээк кабыл алуу керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков встретился с лидерами ЖК
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с лидерами ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Жогорку Кеңешке жакын арада кабыл алынышы керек болгон шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө төрт мыйзам долбоору кароого жөнөтүлгөнүн эске салды.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушканын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн жакынкы жылдарга жана узак мөөнөттүү программаларынын ишке ашырылышын жана айрым мыйзам долбоорлорун кабыл алууну тездетүү керектигин белгиледи.

Ал Жогорку Кеңешке жакын арада кабыл алынышы керек болгон шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө төрт мыйзам долбоору кароого жөнөтүлгөнүн эске салды.

"Шайлоо жөнүндө мыйзамдар аны менен алдын ала бардыгы жакшылап таанышып чыгып, ал мындан ары өзгөрбөйт деген бекем ишеним менен шайлоого катыша тургандай болуп, шайлоого бир жыл калганда турукташуусу зарыл", — деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: саясий партиялар жөнүндөгү мыйзам эскирди, жаңылаш керек
Мындан тышкары, президент жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аларга ишенип тапшырылган аймактардагы ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун кароону тездетүү керектигин айтты.

Сот реформасынын алкагында иштелип чыккан, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы Кодекстерди жана мыйзамдарды, мониторинг кылуунун жүрүшүндө иштелип чыккан сунуштарды тезирээк кароо зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0