Кыргызстанга Кытайдын төрагасы менен Индиянын премьери келет

© Фото / Пресс-служба Президента РФ / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Республику Индию (Гоа). День второй
Визит президента РФ В. Путина в Республику Индию (Гоа). День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төраганыкы мамлекеттик сапар болсо, өкмөт башчы иш сапары менен келмекчи.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Индиянын премьер-министр Нарендра Модинин келүүсү күтүлүп жатат. Бул тууралуу КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Си Цзиньпин мамлекеттик, ал эми Моди иш сапар менен келмекчи. Визиттер июнь айында өтө турган ШКУ саммитинин алкагында уюштурулууда.

"Күн тартибинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги маселе турат. Саясий жактан бизде чечилбеген маселелер жок", — деди Сыдыков.

Эскерте кетсек, ШКУга мүчө мамлекет жетекчилеринин саммити 14-15-июнга белгиленген. Учурда ага даярдыктар жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0